www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КРнын Мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин жетекчилигине, ал тармакта бир күн да иштебеген жарым юрист, жарым дипломат Мырзабек Жыпаркулов дегенди дайындаганы жөн эле чектен чыккандык. Бул тууралуу пикирин Мирлан Дүйшөнбаев өзүнүн баракчасына жазып чыкты.
Ага кошумча "Архитекторлор менен курулушчулардын катасы, коррупциялык көрүнүштөр, жүр-нары мамилеси элди, мамлекетти кандай кесепеттерге дуушар кылып жатканын Түркиянын мисалынан көрүп жатабыз…
Мына ушундай абалды көрүп билип туруп бийликтегилердин КРнын Мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин жетекчилигине, ал тармакта бир күн да иштебеген жарым юрист, жарым дипломат Мырзабек Жыпаркулов дегенди дайындаганы жөн эле чектен чыккандык. Анын штаттык үч орун басары болсо, алардын экөөсүнүн да адистиктери башка экен.
Бул мамлекеттик деңгээлдеги чоң ЧП!
Cыягы, Мырзабек Жыпаркуловдун “домкраты” өтө күчтүү, жогорку бийликтегилердин бирөөсүнө бир жагынан аябагандай жакын экени көрүнүп турат. Бирок, мындай өтө жооптуу орунга жетекчи дайындаганда жердештик, туугандык, кландык жактарды гана эмес, элди, мамлекетти да ойлош керек. Өздөрү компетентсиз болушса, алар архитектура, курулуш жана коммуналдык чарба иштерин кантип көзөмөлдөшөт, текшеришет?
Курулуш тармагын юристтер менен дипломаттарга ишенип тапшырып коюу - бул чыккынчылыкка тете көрүнүш! - деп кошумчалаган ал.
Булак: NazarNews.kg