www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

(Министр Алмазбек Бейшеналиевге кат!)

Кадырлуу министр иним, өксүдү илим-билим. Чылыктар көп келтирген кишинин жинин! Буга чейин билим берүү жаатынан эмнени көрдүк? Эмесе, мына мобуларга көңүл бөлдүк. Билим берүүгө атайын арналган, кайда кеткен акчалар миллиарддаган мойболпоч, жемкор жетекчилерге наалат, арабаны тарта албаган.

Чет өлкөлүк миссиялар бизди каалагандай өкчөдү, бирок илимбилимибиз өркүндөп өспөдү. Балдарыбыз класстан класска ийгиликтүү көчпөдү. Эл аралык сынакта куйрук жагынан биринчи болуп, арткы орунда деген атыбыз өчпөдү.

ЖОЖдордо болсо халтура «көктөдү», жемкорлуктун кемеси такыр чөкпөдү. Ушулар жүрөгүбүздү өрттөдү. Көбөйдү чөнтөгүндө диплому барлар, бирок баштары көңдөй шарлар. Мектеп журналдарына жалган «бештер» жайнап коюлду, уят деген нерсе ушинтип аста-астадан жоюлду.

Республикалык сынактекшерүүдө жүздөгөн «5тер» кыйрады. Мактанган бүтүрүүчүлөр өңгүрөп ыйлады. Мектептен билимсиз окуучуларды көрдүк, жалган отчетторду токуучуларга көндүк.

Сырттан формалдуу окуп, класста сабак берген Тагайды көрдүк, билими тайкы агайды көрдүк. Мектепте «ханга» айланган директорлор көп, аларды колдоп, сүйөгөн «тиректер» көп.

Билим берүү жаатында кызыктар, кыжырды кайнаткан кыйшыктар арбын. Улут сыймыгы – улуу «Манасты» окуудан алып таштаган ректор-чечектер бар, мына ушундай нигилист кесепеттер бар патриоттук тарбияны унуткан, жаштарды алыстаткан улуттук рухтан.

«Манас» – баардык ЖОЖдор үчүн патриоттук стандарт, аны окутуу академиялык парз. ЖОЖдун автономиясына жамынгандар, «Манасты» жоготууга камынгандар – билимдеги көзкамандар, президенттин жарлыгына каршы чыккандар. Улуттук аң-сезими, ар-намысы жетилбеген жетекчиге автономия бербе, берсең айланат ал эл безерге!

Министрликтен кыргызча жаза билбегенди, улуттук нарк десең тилдегенди көрдүм. Элдик баалуулуктарга «чүйлүсү» менен караган министр «китти» көргөм.

Тарыхын, тамырын тааныбаган инспектор «итти» көргөм, жалаң америкалык уюмду туу туткан, улуттук кызыкчылыкты унуткан Батыштын ыргыткан сөөгүн кемирген, чет өлкөлүк маянага кашкулактай семирген. “Кыргыз адабиятын жоём” дейт, “ордуна дүйнөлүк адабиятты коём” дейт. Тарбия жок багыты аныкталган, улуттук баалуулукка багытталган.

Мектепте “мекенчил бол” дегенди укпаган кулактар көп, “чоңойсом чет өлкөнүн жарандыгын алам” деген чунактар көп. Массалык маданияттын «идолдоруна» сыйынгандар көбөйдү, жаштардын арасынан көрөсүң кыргыз-баптист, кыргыз-буддист жана христианин дөдөйдү.

«Ата» менен «апага» үйрөтүлбөй, «папа, мама» деген кулунчактар иттин кара капталынан, улуттук аң-сезимдин кемеси бала бакчаларда, үй-бүлөдө ушинтип аңтарылган. Орус мектебинде араң бир саат кыргыз адабияты, калбай калган окуу пландын уяты.

Ушу да тарбиябы, көбөйткөн ата-тексиз «армияны». Баласынын тилин бөлөк чыгарган аталарды карачы, тарбиядагы мына ушундай каталарды карачы!.. Кандай айла, намыссыз, арсыздарга өлкөбүз толуп барат маңкурттарга.

Анткени маңкурт өзү буга чейинки стандарттар, ырбаган космополиттик жаман дарттар. стандартта жок улуттук нарктар, түзүлбөй келет патриоттуулук үчүн шарттар. Кийинки экс-ажолордо оңбогон, премьерлерде ондогон улутту сактоо стратегиясы болбогон.

Мындай иштин натыйжасы болду эмнелер? Натыйжасы маңкуртташкан пенделер! Бири айды караган, бири сайды караган, багыты жок кенжелер, китеп окуу өнөрүнө жат болгон, жалгыз гана смартфонго маш болгон.

Жаза келсе эне тилден сабатсыз, эне тилсиз урпактарың канатсыз, атуулдукка жараксыз. Албетте, жок эмес, бар жакшы кадамдар, ак жаркын эжейлер, агайлар, абийирдүү адамдар, демилгелүү жаштар бар, кесибине маштар бар. Ошолорго кол бер, өсүшүнө жол бер, мүмкүнчүлүктү мол бер.

О министр, оңдоор кезиң, окуу-тарбия процессин. Эмесе министр мырза, кандай адамды тарбиялайсыңар? Кандай концепцияны жарыялайсыңар? Андай болсо, ушул башкы нерсе боюнча кеңеш берейин, угуп тур тегеренейин. Кыргызстанга бүгүн кандай жаран керек? Космополитпи, жемкорбу?

Жок, демек, коктусун эмес коомун ойлогон, уруусун эмес улутун ойлогон, капчыгын эмес, калайык калкын ойлогон, жакынына эмес, жамаатына жан тарткан, жамандыктын алдын торогон, мамлекеттин намысын коргогон, улут тарыхын унутпай эсине түйгөн, жети облус жергесине күйгөн, акчаны эмес Ала-Тоону сүйгөн, ата салтын барктаган, ак калпак кыргыздын наркын сактаган, эмгеги, эрдиги эл арасын дуу кылган, эне тилин туу кылган, туулган туурун сатпаган, байлыгын кузгундарга талатпаган, эркиндигине, эгемендүүлүгүнө бек турган, ар-намыстан ар ким ала алгыс чеп курган, чындыкты тумар кылган, акыйкатты курал кылган, ою кенен, достукка, ынтымакка бекем, мыйзам менен бап болгон, жаңылыкка тап болгон, заманына чак болгон, илим-билим менен келечекке жетейин деген, Манас атасынча «калкым, кыргыз сен үчүн курман болуп кетейин» деген, өлкөсүнө байлык тапкан, өзүн да баккан, өзгөлөргө жарыгын чачкан, чачылганды жыйнаган, үзүлгөндү улаган, айкөл, мекенчил, улутман, патриот инсандарды тарбиялоо, өстүрүп чыгаруу, аларды улут руху менен сугаруу.

Мынакей, окуу тарбиядагы улуу максат, ачык-айкын жана аппак! Ушундай атуул өлкөбүзгө аба менен суудай керек, ал азамат мекенине болот тирек. ЖОЖдордон жалаң эле адис эмес, нарктуу адис чыксын.

Жалаң эле математик, курулушчу, чет тилчи эмес, нарктуу математик, нарктуу дарыгер, нарктуу курулушчу, нарктуу чет тилчи болсун. Бул үчүн алар «Манасты» окусун. Алмазбек мырза, сага элдин баасы оң, жасагын иштерди чоң!

Чет өлкөдөн үлгү ал, бирок адашпа, сенин тамырың Манаста! улуу мүдөөгө түз бол, агартууга аска-зоодой күч бол. Эгемендүү мекениңе ак бол, эмесе сага ак жол!

Булак: Азия News гезити

Последние новости