www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Саясий туткун” (Полит Узник) баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиев Ички иштер министрлигине жеткирилип, 48 саатка камакка алынды. Бул тууралуу маалымат Facebook социалдык тармагында жарыяланды.

Азырынча ИИМ буга байланыштуу комментарий бере элек.

Активист укук коргоо органдарынын мындай аракеттери президенттин Жетим-Тоо кенине байланышкан маселенин айланасында ким туура эмес маалымат таратып жатканын аныктоо чакырыгына байланыштырууда.

Мунун алдында, 14-августта президент Садыр Жапаров Жетим-Тоого байланыштуу кайрылуу жасаган. Анда кенди иштетүүгө азыр өлкөнүн даярдыгы жоктугун айтып, укук коргоо органдарына жалган маалымат тараткандарга чара көрүүнү тапшырган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости