www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кытайлар Жетим-Тоонун өздөрүнө караган тарабын эбактан бери эле казып, космоско учуп жатышат, ошон үчүн биз да Жетим-Тоону иштетишибиз керек», - деди бүгүн, 15-августта NazarNews маалымат агенттигине коомдук ишмер Рамазан Дырылдаев.

- Рамазан агай, президенттин Жетим-Тоо боюнча жазган сотцеттеги кайрылуусу түрдүү кептерге чекит койдубу? Же элди сооротуу болуп калдыбы?

- Менимче, президент түздөн түз эл менен иштегени, кандай маселе болбосун элге өзү чыгып айтканы туура эле көрөм. Садыр Жапаров мурунку президенттер Акаев, Бакиев, Атамбаевге окшоп бирөөлөргө илип койбой өзү элге түз кайрылганы жакшы жышаан десек болот. Эл кумтөрдөн кийин жалкып калган. Ошон үчүн бийликке ишеним кетип калган, ага кошулуп ар түрдүү душмандары баш көтөрүп жатышат. Кыскасы, элдин эсебинен байып көнүп калгандар мындай долбоорлорго катышып, табакка кошулуп калгысы келген аракеттер жүрүп жаткан. Ошонун баарына тиешелүү жообун берди.

Президенттин бүгүнкү кайрылуусу мына ошонун баарына татыктуу жооп болду. Чынында президенттин шайланганына 2 эле жыл болду. Бирок, бир топ иштер алдыга жылды. Эмнегедир айрым адамдар ал иштерди көргүсү келбей жатат. 

Мисалы, буга чейин эч качан мугалимдер азыркыдай айлык алышчу эмес. Азыр мугалимдердин айлыгы жакшы эле которулуптур. Кээ бирлери   60 миң сомго чейин алса, албай калдык дегени 30-35 миң сомго чейин алышат экен. Мугалимдерге болгон камкордуктан, пйыл жерине мугалим болуп иштейбиз деген жаштар көбөйдү.

Кыскасы, бишкек шаарында эле 15 мектеп курулуп. Жаңы окуу жылына берилгени жатат. Башка тармактарда дагы көптөгөн аракеттер жүрүдө. Жолдор салынып жатат. Ага 500 млрд. акча бөлүнгөн экен.

Ошондой эле электроэнергия тармагын күчтөө, кубаттуулугун арттыруу боюнча Камбар-Ата ГЭСтерин куруу иштери жүрө баштады. Кыскасы, мына ушундай маесленин баары көп каражатты талап кылат. Ал каражатты кумтөр кенинен алып, зарыл маселелерге жумшап жатышат.

Негизи Садыр Жапаров элге жасап берем деген убадалары көп. Анын баарын аткарыш үчүн көптөгөн каражат керек.

- Ошондо президент элге берген убадасын аткарыш үчүн Жетим-Тоону иштетиши керекпи? 

- Иштетишибиз керек. Анткени, Жетим-Тоонуну кытай тарабын эбактан бери эле казып жатышат. Себеби, ал жакта түздүү кымбат баалуу кендер көп. Кытай ошону пайдаланып космоско учуп жатат. Ошон үчүн биз да Жетим-Тоону иштетишибиз керек. Президент «эч кимге бербейбиз, зарыл болсо өзүбүз иштетеибиз» деди. Өзүбүз иштетсек экологияга зыян келтирбеген технологиялар менен иштетсек болот.

Кудайга шүгүр бизде жарандык коом күчтүү. Биздин мыкты азаматтар феминисттерди анңдыбай ушундай чоң проектилерде президентке жардам берсе, мамлекетибиз тез эле өнүгүп кетет.

Эске салсак, кечээ, 14-августта, Президент Садыр Жапаров Жетим-Тоо темир кенин казууга байланыштуу айтылып жаткан кептер боюнча кайрылуу жасады.

Ал кенди толугу менен мамлекет өзү иштетип, бир дагы үлүшү башкага берилбей турганын белгиледи. Бирок аны казуу иштери жакын арада башталбай турганын айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости