www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кызматтык күбөлүктү пайдалануу боюнча атайын мыйзам керек. Бул башкаларга күлкүлүү угулушу мүмкүн жана башка өлкөлөрдө жок болушу мүмкүн. Бирок, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган шылуундар биздин коомдо жок эмес!
Кайсы бир чиновникти, ЖК депутатын, прокурор, сотту жол эрежесин бузгандыгы үчүн МАИ кызматкери токтоткон учурда, айдоочулук күбөлүгүнөн мурда, кызматтык күбөлүгүн көрсөтүп, опузалагандарды маалымат каражаттарынан, Ютубдан көрүп эле жүрөбүз.
Андан тышкары, салык жана күч органдарынын кызматкерлери кээ бир учурда ишкерлерге кызматтык күбөлүгүн көрсөтүп, ишкерлердин кызмат көрсөтүүсүнөн акысыз пайдаланып жүргөндүгү деле жашыруун эмес!
Кызматтык күбөлүк деген - өз кызматын аткарып жаткан учурда гана, эгерде зарылчылык болсо өзүн тааныштыруу үчүн гана колдонулуусу керек! Андан бөлөк учурда - кызмат абалына таянып, мыйзамга баш ийбей, бирөөнү опузалоого колдонулбашы керек! Бул боюнча атайын мыйзам кабыл алып, айып пул төлөй турган кылып тыюу салынуусу зарыл
Булак: NazarNews.kg