www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бул айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусуна кирген бардык жердин (!) 75% түзөт. Бул тууралуу мурдагы айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев өзүнүн социалдык баракчасына жазды.
"Коррупцияны күчөтө турган 309-токтом жокко чыгарылыш керек!
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №309-токтому менен карапайым дыйкандардан 207 миң гектар айыл чарба жерлери алынып, племхоздорду, семхоздорду жана кооперативдерди өнүктүрөбүз деген ураан менен жамынып, азыркы чиновниктер менен байланышы бар бир нече корпорацияларга жана ишканаларга өткөрүлүп берүүгө мүмкүнчүлүк ачылат. Бул айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусуна кирген бардык жердин (!) 75% түзөт.
Бул токтом 2 коррупциялык механизмди түзөт:
1) Карапайым дыйкандардын жерди пайдалануу укугу үчүн сынакка катышуусун чектейт. Ошентип, “өзгөчө артыкчылыкка ээ болгондор” бир тыйынга жерди ижарага алып, кайра он эсе кымбаттатып берген учурлар көбөйө берет. Ошол эле учурда бул чектөө мамлекеттик фондго кирген айыл чарба жерди ижарага берүү үчүн бюджетке төлөмдөрдү азайтат жана адилеттүү атаандаштыкты жок кылат. Аукцион жабык эшиктердин артынан өтүп, жыйынтыгын 11 кишиден турган комиссия чечет экен. Мына - дагы коррупция!
2) Племхоздордун жана семхоздордун экономикалык статусу жогорулайт. Ал эми бул статусту ким берет?
Туура жооп: Мамлекеттик комиссия! Ал эми бул адамдык фактор. Баардыгы калыс болот деп кантип ант беришсе да, коррупциянын коркунучу чоң. 207 миң гектар - өтө баалуу ресурс. Айрым аймактарда 1 гектар жердин ижара акысы 50 миң сомго чейин жетет. Жылдык төлөмдөрдү өзүңүз эсептеңиз. Анын ичинде бул комиссиянын расмий эмес жыйымдары да камтылат.
Мен айыл чарба министрлигин жетектеп турганда семхоздорду кайра аттестациялаганбыз. Натыйжада, 40%дан ашыгы статусун жоготкон, мурда аны түшүнүксүз түрдө алышкан.
Эми келечектин сүрөтүн элестетип көрүңүздөрчү?
Мен көргөн жалгыз альтернатива – бул ачык "ОНЛАЙН АУКЦИОН". Анда ар бир жаран катышып, жерди ижарага ала алат. Өнүккөн атаандаштык чөйрөсү бар болгон ачык рынок гана өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатууга жана азык-түлүк коопсуздугунун максаттарына жеткире алат. Эгерде семхоздор, племхоздор жана кооперативдер карапайым дыйкандарга караганда эффективдүү болсо, анда алар ачык аукционго катышуудан коркпойт. Бирок алар андайды каалабайт жана карапайым элдин эсебинен байыгылары келет.
Ошондуктан мен барыңарды - депутаттарды, президентти жана бүткүл дыйкандарды бул кылмыштуу токтомго каршы чыгууга чакырам.
Урматтуу дыйкандар, бул жерлерге бийликтеги коррупционерлер эмес, силердин укугуңар бар экенин унутпагыла. Жерлерди сиздин макулдугуңар болмойунча эч ким тартып ала албайт", - деди ал.
Булак: NazarNews.kg