www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн белгилүү болгондой, түнүчүн «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын актвисти кармалып, социалдык тармактарда бийликти сындап, аны күч менен алмаштырууга чакырган деп күнөөлөнүүдө. Адвокаттын айтымында, ал жигиттин аккаунту мурда эле бузулган жана ал өзү көптөн бери эч нерсе жазбай калган.

Бирок бийлик январда эле ал активисттин тексттерин тил экспертизасынан өткөрүп, адистер – анын жазгандарында бийликти күч менен басып алууга чакырыктар бар экенин аныктаган сыяктуу. Партиянын лидери бүгүн Жогорку кеңеште – эмне үчүн кимдир бирөөнү кармоо түнүчүн, ашынган террорчуну кармап жаткансып жасалат деп нааразы болду.

Иш кандай болуп аяктаса дагы, бул окуя – маалымат тармагында бийлик коомго утулуп баратканын көрсөтөт. Социалдык тармак – ар башка адамдардын жеке пикир алмашуу ыкмасы, ошол эле учурда ал маалымат каражаты катары таанылбайт. Бийлик болсо өз аракеттери менен коомду өз тарабына тарта албай жатат, жакшылыктуу жооп бере албагандыктан болсо, күч колдонот, анткени андан башка эч нерсе билбейт. Ошонун айынан бийликте өксүк комплекси пайда болгондой.

Последние новости