www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Динде чектен өтүп, аша чаап кетпеңиздер. Анткени, сиздерден өткөн муундар чектен өтүп, аша чаап кетишкендиктери үчүн курман болушкан” деп Мухаммед пайгамбар азыр кутуруп, элди бөлүп-жарып, кыргызды кыргызга уруштуруп уят сөз менен ызырынтып сөгүштүргөн Ваххабит, Таблиг, Салафит ж.б. секталарга бөлүнүп, чектен чыккан радикалдарга эскертип тээ илгери эле айткан экен...

Кудайдын аты менен баштаймын.

Кудурети күчтүү улуу Кудайдын арабдар үчүн берген пайгамбарлары, ислам дүйнөсүн түптөөчү Мухаммед өз учурунда так жана даана, ачык, “Динде чектен өтүп, аша чаап кетпеңиздер. Анткени, сиздерден мурда өткөн муундар чектен өтүп, аша чаап кетишкендиктери үчүн курман болушкан” деп осуят калтырган.

Мухаммед пайгамбардын улуу осуятын каккы ордуна көрбөгөн ислам дининин талапкерлери болумуш этишкен диний миссионерлер баскынчылар, алардын тескери күчөтүлгөн иштерин акча жана башка байлык үчүн кош колдоп колдогон улут безерлери жугундукорлор радикал исламчылар ар кандпй жолдор менен динде. “чектен өтүп, аша чаап”, акмактангандарын көрсөтүшүп келе жатышат да Кудайдын каарына алып мечиттерде, муфтияттарда атак-даңк, акча, кызмат-бийлик орун талашып, калың элге жана башка диндегилерге шерменде болушуп, Мухаммед пайгамбар түптөгөн ыйык ислам дининин жүзүнө кара көө сыйпашып, өзүлөрү көрүнүп жана көрүнбөй, ислам динине болгон жалпы элдин ишеничин кетиришүүдө.

Диний жол-жоболорго жана эрежелерге далдаланымыш этип, диний эреже, жол жоболорду пайдаланышып диний бизнес жасаган тамаксоо, арамтамак арабдар жана алардын таманын жалап, көчүгүн өпкөн жергиликтүү жугундукорлор кожоюндарына куйруктарын шыйпаңдатып, мышыкча мыялап ар жерге мечит жана башка сыйынуучу жайларды курууга ортомчу болушуп, ортодо катылып алган акчага кабат-кабат үй салып, машына минип, ойнош күтүп, жаш катын алып чардашканы менен ичкендери ириң, жегендери желим болуп, калың элдин ичинде эркин баса албай уруусу колго түшкөн кылмышкердей жалтакташып, бирок чөнтөктөрүн тиреп турган арабдын акчасы көчүктөрүн кыстырып, шүмшүңдөтүп кыргызды диний маңкурт жана жалдырама жалчыга айландыруу үчүн кыргыздын улуттук каада салтындагы жакшы жана керектүү нерселердин бардыгын ислам дининин эреже, жол-жоболоруна чапташып кыргыздын Манасы менен улуттук каада салтын талкалап жок кылып, өз кожоюндарынын – арабдардын алдында чөк түшүрүүгө жанталашып аракет жасашууда.

Кыргызга керексиз жана таандык эмес ислам дининин чектен ашкан аракеттери ХХI кылымда кудурти күчтүү улуу Кудайдын буйругу менен Мухаммед пайгамбар: “...Анткени, сиздерден мурдагы муундар чектен өтүп аша чаап кетишкендиктери үчүн курман болушкан” деп айткандай эле ислам динин аша чаап таратууга жана диний маңкурт кылууга аракет жасаган ислам дининин диний миссионерлери жана жергиликтүү диний жугундукорлор мезгилдин агымы менен курмандыкка чалынышып жок болушат да жер бетинде аша чапкан ислам дининин эмес же башка диндердин эмес Кудайдын бийлиги орноп, Мухаммед пайгамбарлын “...Анткени, сиздерден мурдагы муундар чектен өтүп аша чаап кетишкендиктери үчүн курман болушкан” деген осуяты турмуш жүзүнө ашат.

Маалымат Абдымамбет Сариевдин социалдык баракчасынан алынды

“Мухаммед пайгамбардын осуяттары”

Бишкек, “Бүткүл союздук жаштар кетип бирикмеси”

“Баласагын” филиалы 1991-ж. 08.11.2002-жыл.

Последние новости