www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясий оюндар өз жолу менен кете берсин. Бирок, мындай шартта жазгы талаачылык иштерине катуу көңүл буруп койбосо болбойт», - деди бүгүн, 10-мартта NazarNews маалымат агенттигине Алмазбек Сардеков.

«Урматтуу Президент мырза! Көп тармактарда реформаларды жүргүзүү үчүн «адегенде башкаруу системасын тандап, Баш мыйзамды кабыл алалы, андан кийин кескин реформа жүрөт?» дедиңиз. Туура! Мамлекеттик системаны түп-тамырынан бери өзгөртүңүз! Саясий, экономикалык реформалар үчүн Баш мыйзам тоскоолдук жаратып жатканы дагы чындык! Бирок, айыл-чарба саясатын көзөмөлдөөгө Конституциялык реформа тоскоолдук жаратпайт го. Карапайым дыйкан менен малчы Башмыйзамды уруп да ойнобойт, аларга жеңилдик гана керек!

Элибизде «жаздын бир күнү, жылга тете» деген накыл кеп бар эмеспи. Бир тараптан тышкы карыз, экинчи тараптан пандемия кысып, коңшу өлкөлөр менен алака үзүлүп турган кезде азык-түлүктүн баасы асмандап баратат! Саясий оюндар өз жолу менен кете берсин. Бирок, мындай шартта жазгы талаачылык иштерине катуу көңүл буруп койбосоңуз болбойт го!

Эң негизгиси, элдин курсагы ток болсо өлкөдө стабилдүүлүк болот. Ал үчүн ата-мекендик өндүрүшчүлөрдү, өзүбүздүн дыйкан-фермерлерди коргоңуз! Өзүбүздө өндүрүүгө мүмкүн болгон тамак-ашты сырттан киргизбөө буйругун тийешелүү органдарга катуу тапшырып, коррупционерлерден өндүрүлүп жаткан каражаттардын эсебинен элге пайызы эң төмөн кредиттерди берүү жагын дагы карап көрүңүзчү», - деп кошумчалаган ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости