www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 10-мартта Жогорку Кеңештин депутаттары кезектеги жыйынга чогулду. Жыйында депутат Бакыт Төрөбаев Конституциянын жаңы долбоорун референдумга чыгарууну тездетүүнү сунуштап, эгер ал иштебесе, жарым жылдан кийин кайра өзгөртөбүз деген пикирин билдирди.
Ал жыйында сөз сүйлөп жатып, кесиптештерин жаңы Конституцияга каршы тура бербей, президенттик башкаруу фомасын тандаган элди сыйлоого чакырды.
“Президенттик башкарууну тандаган 80 пайыз элди сыйлайлы да, же тура беребизби ушинтип? Эгерде туура эмес болсо, алты ай же бир жылдан кийин ошол Конституцияны кайра өзгөртөбүз. Эгер туура эмес иштесе мына биз каршы чыгабыз”, - деди депутат.
Бакыт Төрөбаев Башмыйзамдын жаңы долбоору парламенттин жалпы сессиясында каралып жатканда, жыйынга президент Садыр Жапаров, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Жогорку Соттун төрагасын да чакырууну сунуштады.
Эске салсак, Конституциянын жаңы долбоорун референдумга коюу жөнүндө мыйзам долбоору 3-мартта биринчи окууда кабыл алынган.
Булак: NazarNews.kg