www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутаттар мыйзам бузууга барбагыла, эртең да күн болот. Мындай пикирди Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
--"Үмүт бар... Урматтуу Жогорку Кеңештин депутаттары! Сиздер менен төрт жыл чогуу эмгектендим. Жакшыбы, жаманбы - эл баа берет. Баарыңыздар менен сый - урмат мамилени сактаганга аракет кылдым. Эртең Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана референдум дайындоо мыйзамдары кезексиз түрдө каралат деген маалыматты уктум. Бул кадам мыйзамга дал келбейт, өлкөнүн Баш мыйзамына өзгөртүүлөрдү үч окууда, алардын аралыгында 2 айдан кем эмес убакытта каралат. Бул азыркы Конституциянын талабы. Дал ушул Конституцияга колун коюп депутаттар жана Садыр Жапаров ант беришкен, Жогорку даражадагы кызматына кирип жатканда.
Баардык иштер өз ирээти менен бүткөндө максатына жетет. Ал эми референдум дайындаганда мыйзам болуш керек. Жок нерсени, кабыл алынбаган мыйзамды кантип референдумга чыгарасыңар? Мени тааныган депутаттарга кайрылмакчымын - мыйзам бузууга барбагыла, эртең да күн болот.
Кыргыздын улуу сөзү бар - "бетеге кетет бел калат, бектер кетет эл калат". Ушуну унутпай жүрсөк", - дейт Масалиев.
Булак: NazarNews.kg