www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бакиров Конституциялык кеңешмеде 3 ай иштегендерге жан тартты

"Конституциялык кеңешмеде 3 ай иштегенде азыр Баш мыйзамдын долбоорун сындап жаткандар барышса болмок", - деп бүгүн, 10-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Өмүрбек Бакиров билдирди.

"Бул жерде мен дагы кесиптештериме кайрылгым келет. Президенттин милдетин аткаруучу өзүнүн буйругу менен Конституциялык кеңешме түзүп, 3 ай иштеди. Нааразы болуп жаткан кесиптештер барып, конструктивдүү сунуштары болсо берсе болмок. Бүгүн биз референдум тууралуу мыйзам долбоорун карап жатабыз. 2016-жылы кыйкырып жаткандардын баары Конституцияны колдоп бергенсиңер. Президент бардык жүктү мойнума алам десе, эмнеге каршы болуп жатасыңар?", - дейт ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости