www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эркек бир сүйлөйт дейт. Айтканын аткарат дейт. Бирок, жалпы коомчулук алдамчылык, сөзгө турбастык, ичи тарлык, ойт бермей деген дарттарга чалдыгып, ал жугуштуу оору сыяктуу биринен-бирине өтө бергенин даана байкап жатабыз. Мына, 31-апрелде СДПКнын съезди өтөт деп коомчулук чыдамсыздык менен күтүп жатат, ал жактан момпосуй тарата тургансып.

Албетте, момпосуй эмес, көптөн бери бөгүп жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин айта турчу сөзүн күтүп жатышат. Дагы эмнени айтаар экен, азыркы президент Сооронбай Жээнбековго эмне деп тийишээр экен деген таризде...

Эсибизде, кетээрииде Атамбаев "аябай чарчадым, ыр жазам, гитара чертем, чыгармачылыгымды өркүндөтөм, эс алам" деп айткан эле. А бирок кызматын тапшырып бергенден кийин тынч жата албай, резиденциясына депутат, министринен тартып премьерге чейин чакырып, көмүскө бийлигин жүргүзүп, өлкөгө эки баштуу бийлик орнотуп жатканын эл көрүп, билип турат.

Элде факты болбошу мүмкүн, бирок баарын туюп, билип, угуп, көрүп турат. "Эми болбодубу? Алты жыл миссиясын аткарды, шайлоо болду, эл дагы, эл аралык коомчулук да шайлоо жыйынтыгын тааныды. Кийинкиге жолтоо болбо да. Аксакалдык кеңешиңди айт, жардам бер. Бирок, тоскоол болбо да", - деп, айта турган адам жокпу бул өлкөдө? Же, бийликтин даамын татып калган тегереги, жан-жөөкөрү "бийликти колдон чыгарба" деп көкутуп жатабы? Болбосо, Мискенбаев - бул Форум, Форум - бул экс-президент экендиги ташка тамга баскандай, талашсыз нерсе да. Ал арада кыймылдын баары жаңы президенттин айланасына топтоло баштады. Бул мыйзам ченемдүү нерсе - бийлик, куч, жоопкерчилик кимде болсо, ошонун айланасына эл да топтолот. Эл кыска убакта эскини унутуп, жаңысын жактырып турат. Ушул нерсени тушүнүп, кеткенден кийин артка кылчактабаш керек! Кийинкисине иштегенге мүмкүнчүлүк  жана жардам бериш керек!

Булак: "Ачык саясат"

Последние новости