www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЦРУнун мурдагы аналитиги Украинанын абалын рак илештирип алган бейтап менен салыштырган.

 Украина өз абалын өзгөртүп, жеңилүүдөн кутула албайт. Бул тууралуу ЦРУнун мурдагы аналитиги Ларри Жонсон билдиргенин РИА Новости жазды.

Ал Украинанын абалын рак илештирген бейтап менен салыштырган.

"Украина үчүн баары кеч болуп калды. Маңдайга эмне жазылганы белгилүү болуп калды, ал ишке ашыш үчүн убакыт керек. Бул рак менен ооруган адамдын дарыгерге келгенине окшош. Бейтап жакшы кабарды эшиткиси келет, бирок дарт өрчүгөнүн токтотпой алты айдан кийин өмүрүн алат. Украинадагы абал дагы ушул сыяктуу", — деди ал.

Аналитиктин айтымында, аскердик аракеттер токтобойт, бирок эсеп-чоттор украин күчтөрүн багынууга мажбурлай турганын белгилеген.

РФ Коргоо министрлигинин жекшембиге карата маалыматы боюнча, украин аскерлери сутка ичинде 1 930 адам жоготту. Мындан тышкары, төрт танк жана сооттолгон техника, эки ракеталык система, 23 талаа артиллериясы, миномет жана 28 атайын аскердик автоунаа жок кылынган.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости