www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Алтын глобус» сыйлыгынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу Meduza басылмасы билдирет.

Маалыматка ылайык, «Эң мыкты режиссёр» наамын «Кармаш артынан кармаш» тасмасынын режиссёру Пол Томас Андерсон жеңип алды. Аталган тасма «Мыкты көркөм фильм — мюзикл же комедия» жана «Эң мыкты сценарий» номинацияларын да алды. Быйыл 83-жолу сыйлык тапшыруу аземи Лос-Анжелесте өттү.

«Мыкты драмалык фильмди» Хлоя Чжао режиссёрлук кылган «Гамнет» тасмасы жеңди. Тасмада роль ойногон Жесси Бакли «Драмадагы мыкты актриса» деп табылды.

«Күнөөкөрлөр» тасмасы «Мыкты саундтректи» жеңсе, «Жашыруун агент» тасмасы «Англис тилиндеги эмес мыкты фильмди» утуп алды.

Калган сыйлык ээлеринин тизмеси төмөнкүдөй:

«Драмадагы мыкты актёр» — Вагнер Моура «Жашыруун агент».

«Комедия же мюзиклдеги мыкты актёр» — Тимоти Шаламе «Укмуштуудай Марти».

«Комедия же мюзиклдеги мыкты актриса» — Роуз Бирн «Мен сени тепмекмин, эгер колумдан келсе».

«Мыкты экинчи пландагы актёр» — Стеллан Скарсгард «Сезимтал баалуулук».

«Драмалык мыкты сериал» — «Питт ооруканасы».

«Комедия же мюзиклдеги мыкты сериал» — «Киностудия».

«Драмалык сериалдагы эң мыкты актёр» — Ноа Уайл «Питт ооруканасы».

«Драмалык сериалдагы эң мыкты актриса» — Рэй Сихорн «Көптөрдүн бири».

«Комедия же мюзикл жанры боюнча сериалдагы эң мыкты актёр» — Сет Роген «Киностудия».

«Комедия же мюзикл жанры боюнча сериалдагы эң мыкты актриса» — Жин Смарт «Айлакерлер».

«Мини-сериал же антологиядагы эң мыкты актёр» Стивен Грэм «Өткөөл курак».

«Мини-сериал же антологиядагы эң мыкты актриса» — Мишель Уильямс «Секс каалаганымдан өлүп баратам».

«Сериалдагы эң мыкты экинчи пландагы актёр» — Оуэн Купер «Өткөөл курак».

«Сериалдагы эң мыкты экинчи пландагы актриса» — Эрин Доэрти «Өткөөл курак».

Последние новости