www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алтын менен күмүштүн биржалык баалары 4,6 миң жана күмүш 83 доллардан ашып, тарыхый жогорку көрсөткүчтү жаңылады. Бул тууралуу Риа Новости билдирет.

Маалыматка ылайык, Нью-Йорк шаарындагы Comex биржасында февраль айына карата алтын фьючерси 80,55 долларга же 1,79%га өсүп, 4581,45 долларга жетти. Сооданын ичинде баасы эң жогорку чекке - 4612,4 долларга жеткен.

Ал эми март айына күмүш фьючерси 5,27% өсүп, 83,522 долларга сатылган. Соода учурунда рекорддук деңгээл – 83,88 доллар байкалган.

Bloomberg агенттиги белгилегендей, өткөн жылы Дональд Трамптын администрациясынын федералдык резерв системасын көп сындап чыгышы долларга ишеничти төмөндөтүүчү негизги фактор болгон. Азыр болсо рынок ФРС башчысы Джером Пауэллдин билдирүүлөрүн талдап жатат. Анда АКШнын Юстиция министрлиги ага кылмыш жоопкерчилигин киргизиши мүмкүн деп эскертүү берген. Доллардын алсыроосу алтын баасын көтөрүүгө түрткү болушу мүмкүн деп болжолдонууда.

Күмүш рыногуна келсек, негизинен инвестициялык суроо-талаптын жогору болушунан быйыл анын жетишсиздиги сакталып калат деп күтүлөт.

Последние новости