www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
14-январда АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясынын өкүлдөрү менен Даниянын расмий өкүлдөрү Гренландия маселесин талкуулоо үчүн жолугушат.
Бул тууралуу CBS News дипломатиялык булактарга шилтеме берип жарыялаганын ТАСС агенттиги жазды.
Андагы маалымат боюнча, расмий түрдө жарыялана элек жолугушуу Мамлекеттик катчы Марко Рубио өткөн аптада Конгресске Трамптын аймакты сатып алууга кызыкдар экенин айткандан кийин өтө турган болду.
"Айрым европалык дипломаттар АКШнын Европаны жана НАТОну коргоо боюнча милдеттенмеси акыркы он жылдыктагыдай туруктуу эмес деген пикирин билдиришти”, – деп айтылат маалыматта.
2025-жылдын март айында Трамп өз өлкөсү Гренландияны аннексиялайт деп ишенерин жана аралдын элинин аймакты аннексиялоо чечимин колдой турганын билдирген.
Америкалык лидер Гренландия АКШга кошулушу керек деп бир нече жолу билдирип, эгер Дания аралдан баш тартпаса, ага жогорку соода тарифтерин киргизиши менен коркуткан. Трамп өзүнүн президенттик биринчи мөөнөтүндө эле Гренландияны сатып алууну сунуштаган. Даниянын жана Гренландиянын бийликтери бул идеяны четке кагышкан.
Эскерте кетсек, Гренландия автономдуу аймак катары Даниянын бир бөлүгү. 1951-жылы Вашингтон менен Копенгаген НАТО боюнча союздаштык милдеттенмелеринен тышкары Гренландияны коргоо келишимине кол коюшкан. Ага ылайык, Америка Кошмо Штаттары аралды мүмкүн болгон агрессиядан коргоого милдеттенген.
Кошумчалай кетсек, буга чейин Daily Mail гезити Дональд Трамп атайын операциялардын командирлерине Гренландияга басып кирүү планын даярдоону буйругандыгын, бирок жогорку даражалуу аскер жетекчилери бул демилгеге каршы чыгышкандыгын жарыялаган.
Ал эми Bloomberg агенттиги Вашингтондун саясаты дүйнө жүзү боюнча лидерлерди тынчсыздандырып жаткандыгын жазган.
“Гренландияга келсек, Вашингтон “НАТОнун мүчөсү, демократиялык жана Арктикадагы таасир үчүн күрөштө стратегиялык жактан маанилүү” аймакты көзөмөлдөө үчүн аскердик күч колдонууга даяр экенин көрсөтүп жатат. Бул мүнөздөмөлөрдүн баары Канадага тиешелүү”,- деп белгилеген басылма.