www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алтын жалатылган жезди алтын зер буюмдары катары сатууга шектелип Өзбекстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалымат боюнча, өткөн жылдын октябрь айында Балыкчы милициясына 34 жаштагы жергиликтүү тургун кайрылган. Айым өз арызында «Кербен» шаардык базарында азиат улутундагы аял ага бир нече алтын зер буюмдарды сунуштаганын жана бардык зер буюмдарын 130 миң сомго баалагынын көрсөткөн. Ал аялга 62 миң сом төлөп, калган акчаны алып келүү үчүн үйүнө кеткен. Базарга кайтып келгенде, сатуучу аял белгисиз тарапка кетип калганын байкап, сатып алган зер буюмдарын текшергенде алар алтын жалатылган жез болуп чыккан.

Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүүнүн өздүгү такталган. Ал Өзбекстандын 45 жаштагы жараны болуп чыккан жана шектүү Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткени аныкталган. Буга байланыштуу ал мамлекеттер аралык издөөгө жарыяланган.

Шектүү Россиянын Оренбург облусунда кармалып, Кыргызстанга өткөрүлүп берилди.

Шаардык сот тарабынан ага карата баш коргоо чарасы тандалып, тергөө амалдарынын жүрүшүндө камакка алуу чечими кабыл алынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости