www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Индиянын Мумбай шаары Азиядагы жаңы “миллиардерлердин борбору” болуп калды. Бул тууралуу Шанхайдагы Hurun изилдөө институтунун маалыматына таянып Nikkei Asia маалымат агенттиги билдирди.
92 миллиардери бар Мумбай Пекинди басып өтүп, Азиядагы эң көп миллиардерлер жашаган шаар болуп калды.
Институттун отчетуна ылайык, Нью-Йоркто 119 миллиардер болсо, Лондондо 97 миллиардер бар. Мумбай 92 миллиардер менен дүйнөдө үчүнчү орунда турат.
Белгилей кетсек, Индияда болгону 271 миллиардер бар. Ал эми Мумбайдын экономикасы 2023-жылы 7,5 пайызга өсөт деп болжолдонууда.
Өлкөлөр боюнча тизмеде Кытай 814 миллиардер менен 2022-жылга салыштырмалуу 155 адамга азайган.
Америка Кошмо Штаттары 800 миллиардер менен миллиардерлердин саны боюнча экинчи орунда турат. Жасалма интеллект жана маалыматтык технологиялар тармактары АКШнын экономикасында лидер болуп калды. Америкалык чип чыгаруучу Nvidia компаниясынын башкы директору Женсен Хуанг 48 миллиард доллар байлыгы менен эң мыкты 30 тизмеге кирди. Google, Meta жана Microsoft компанияларынын ээлеринин байлыгынын олуттуу өсүшү байкалды.
Технологиялык тармактагы байлыктын өсүшүнөн тышкары америкалык ырчы Тейлор Свифттин байлыгынын 1,2 миллиард долларга жеткени көңүл бурат.
Булак: NazarNews.kg