www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алтынбек Сулайманов чээнден чыкты

Ысык-Көл облусунун жетекчилигинен кеткенден бери, “чөптөн жапыз, суудан тайыз” болуп, карааны көзгө илинбей, кайда экени билинбей, чээнге кирип кеткен Алтынбек Сулайманов публикага чыгып, козголуп калыптыр.

Минтип жанданып калганына караганда, саясий кырдаалдын өзгөрүп жатканынан жыт алып, мандатын тапшырып жатышкан депутаттарды сынга алымыш болуп, бар экенин билгизип жаткандай. 

Болбосо, үн ката албай башын кумга тыгып отурду эле. Акыркы жылдары эмне деген гана окуялар орун алды. Саясатчы катары ак же көк деген позициясын билдиргенге эрки жеткен жок. Сыягы, Камчыбек Ташиевден “коркуп” бейчеки сүйлөп албайын деп баскан изинен сактанып жүрүп, эми эркин дем алып жатат өңдөнөт.

Последние новости