www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алтынды сатып берүү үчүн алып, алтынды да акчаны да кайтарып бербей жаткан аялдан жабыркаган окурмандар NazarNews маалымат агенттигине кайрылышты. Ж.Э. аттуу жаран чоң өлчөмдө үч аялдан товар алган: 65 миң доллар, экинчисинен 45 миң доллар, үчүнчүсүнөн 63 миң доллар өлчөмүндөгү алтын алган. Бирок, арыз жазганыбызга карабастан, милиция эмнегедир аракет кылган жок.

«Мен алтын буюмдарды саткан дүкөнгө анча тааныш эмес аял келип, алтындарымды сатып берүүгө убада берди. Кесиптешим экөөбүз макул болуп, товарларымды бергем. Ал товарды алып кеткен боюнча акчасын ушул күнгө чейин кайтарып бербей келет. Биз ага каршы арыз жаздык, бирок Бишкектеги Биринчи Май РИИБинин милициясы аны кармаган жок. Бизде далил бар, ал тургай анын ломбардга кантип алтын өткөрүп берип жаткан видеосу дагы бар», - деп нааразы болду ишкерлердин бири.

Арыз берүүчүлөрдүн айтымында, алдамчылыкка шектүү буга чейин кармалып, ШИИБке жеткирилген. Ал ошондой эле борбордун жашоочуларынын биринин өтүнүчү боюнча түрмөгө камалган, ага да болжол менен 5000 доллар карызы болгон. Бирок, Биринчи Май райондук сотунун судьясы Бекенов ал аялды бошоткон. Анткени Ж.Э. аттуу аялдын туугандары карызды арыз ээсине төлөп бергени айтылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости