www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алтынай айым, «каша» муздап баратат…

Биздин чоңдор кызматка же депутаттыкка бир иш кылайын деп келишпейт. Жөн эле келе беришет. Башкы максаты байлык жыйноо, бизнесин сактоо же мартаба күтүү. Анан да алар деңгээл, тажрыйба дегенден тептегерек нөл бойдон келип алышат. Бир нерсе үйрөнгөнчө кызматы же мандаты «оомийн» болот да, ошол бойдон кете беришет. Мындай «кереметтен» алар да тажашпады, уялышпады, эл да тажабады.

Айталы, Жогорку Кеңештин вице-спикери Алтынай Өмүрбекова таптакыр эле такшала албай койду. Кур дегенде эне-тили болгон кыргыз тилин жогорку деңгээлде өздөштүрүп алса болот эле да. Эки сөздүн башын кошо албай олтурат. Жыйындарды алып барып калган учурда депутаттар тоготпой, айдоо аңыздын аягына таранчыларды качыруу үчүн сайып койгон эмедей эле көрүшөт. Бир аз деңгээл жаатында Алтынай айым да аракет кылып койбоду. Жок дегенде ЖоКеге вице эмес, бала бакчага башчы болсо жарашат эле. Тиши өтпөгөн мыйзамдарды чала була окуп отура бербей, бакчада  балдарга муздай электе кашыктап «каша» жедирсе пайдалуураак иш кылат эле да. Бирок, амбиция анан акча деген бар тура, чиркин. Акылды акчага сатып ала албастыгыбызды качан түшүнөбүз?

Булак: "Де-Факто"

Последние новости