www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алтынай Өмүрбекова атаандашы Азиз Суракматовго карата кара пиар уюштуруп жатат – (далилдер) Алтынай Өмүрбекованы колдоп, аны мэрликке татыктуу талапкер деп фейсбукта жазып жаткан Бабановчулар башка талапкер Азиз Суракматовго кара пиар уюштуруп жатат. Өкмөттүн жогорку кызматында туруп, элге кызмат кылууга толук шарты бар Алтынай Өмүрбекова Азиз Суракматовго жамандык кылып, ушак тараттырбай эле кызмат кыла берсе болбойбу?
Же, сөзсүз эле өзүнүн талапкерлигин алып чыгуу үчүн башкаларга ылай- жугунду төктүрүш керекпи? Алтынай Өмүрбекова сыртынан маданияттуу, тарбиялуу эле көрүнөт. Бирок, пиар группасына ар кайсыны заказ кылып жаздырганы "айдай чырайын, иттей кыялы бузат" дегендей кылат экен. Же, алыста отуруп алып Өмүрбек Бабанов балдарына “Суракматовду каралагыла” деп тапшырма берди бекен? Алтынай Өмүрбекованын жана Өмүрбек Бабановдун интернеттеги жазмачылары өтө аша-чаап, Азиз Суракматовдун келбетине чейин асылып, анын ишкерлигине шек келтирип жатат.
Мисалы, Азиз Суракматовдун бизнеси, байлыгынын тизмесин алып чыгып талкууга коюшту. Эгерде, талапкердин байлыгы жок болуп, кызматка келгенден кийин байлыгы көбөйсө шектенсе болот. Азиз Суракматов буга чейин дагы ишкерчилик менен алектенген адам экени белгилүү. Ал ийгиликтүү ишкерчиликтен бутуна турганы үчүн эмне үчүн сынга алынышы керек? Алтынай Өмүрбекова балким мындай ыплас каралоо менен алектенгенин токтотот чыгаар? Балким ал, “жок, мен кылып жаткан жокмун”,-деши мүмкүн.
Бирок, интернетте аны колдоп, жанында дайым чогуу жүргөн адамдарды кимдер тааныбасын?
Булак: NazarNews.kg