www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алтынай Өмүрбекова: “Кыргызстан эми мурдагыдай болбойт!”

Өлкөбүздүн бардык тармактары терең өзгөрүүлөргө муктаж. Бул тууралуу “Республика” партиясынын курултайында экс-вице-премьер министр Алтынай Өмүрбекова айтты. 

“Биздин өлкөбүзгө тез арада реанимация керек! Элибиз эмнеден тажады? Албетте, билимсиз, элине кызмат кылуу парзын түшүнбөгөн, башкаруудагы чечимдерди кабыл алуу жана жүзөгө ашыруу механизмдерин билбегендер чиновниктерден тажады”, – деди Өмүрбекова.

Экс-вице премьердин айтымында пандемиядан кийинки Кыргыз Республикабызга чукул арада өзгөрүүлөр керек, кесипкөй адистердин командасы гана аларды ишке ашыра алышат. 

“Оор кеселден дүйнө өзгөрдү. Дүйнө эми мурдагыдай болбойт! Кыргызстан да мурдагыдай болбойт. Элдин саламаттыгы, билим берүү жана калкты иш менен камсыздоо – биздин эң орчундуу маселебиз болуп калды”, – деди ал.

Ал бүгүнкү съезд – партиянын юбилейлик жылына туш келип жатканын белгилеп, партия 10 жылдыктагы шайлоо компанияларын ийгиликтүү өткөрүп, ар дайым жеңишке жетип келгенин кошумчалады. 

“Алдыдагы жеңишке арабыздагы келечектүү жана тажырыйбалуу жаштарды жетектеген Мирлан Канатбековичтин лидерлиги менен келээрине ишенебиз”, – деди Өмүрбекова.

Ал өлкөнү өзгөртүү үчүн, өзүбүз өзгөрүүбүз керек экендигин айтты. “Ой жүгүртүүбүздү, коомго жана жаратылышка болгон мамилебизди – түп тамырынан бери, өзгөртүүбүз зарыл”, – деп жыйынтыктады. 

Эске сала кетсек, бүгүн “Республика” партиясы курултайын өткөрүп, ага аймактардан чакырылган 77 делегат катышууда. Алдыдагы шайлоодогу программа талкууланып, партиялык тизме бүгүн аныкталмакчы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости