www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеӊеште билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык коргоо, спорт чөйрөсүндө балдардын укуктарын ишке ашыруу маселесине арналган «Өкмөттүк саат» өтүүдө. Жыйынга вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова баштаган өкмөт мүчөлөрү, тийиштүү мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышып жатат.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын айтымында, билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык коргоо, спорт чөйрөсүндө балдардын укуктарын ишке ашыруу жаатында жылыштар бар. «Ушу тапта балдарга жөлөкпулдун 3 түрү берилүүдө: сүйүнчү, үй-бүлөгө жардам, социалдык жөлөкпул. Ай сайын берилип жаткан социалдык жөлөкпулдун өлчөмү 3-4 миӊ сом түзүүдө», - деди ал.

Ал эми эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайкүл Исакунова 2014-2018-жылдар аралыгында 4141 бала багылып алынган. Анын ичинде кыргыз жарандары 4048 баланы, чет өлкөлүк жарандар 93 баланы багып алган. Балдардын көпчүлүгүн америкалыктар алат – 88 бала», - деп, ал багылып алынган балдарга элчилик аркылуу көзөмөл кылына турганын кошумчалады деп билдирет Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости