www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиядагы коомдук транспорттордо жана таксисттик кызматты аркалап келе жаткан мигрант мекендештерибиздин айдоочулук күбөлүгү боюнча көйгөйү оң тарапка чечилди өндөнөт. Бул маалыматтын чын төгүнүн тактоо үчүн ушул маселенин тегерегинде мекендештерибизге жардамын көрсөтүп келген Алтынбек Эргешев маек берди.

-Ушул күнгө чейин көпчүлүк мигрант мекендештерибизди санаага салган маселеси чечилди деген кабар келүүдө. Маалымат канчалык деңгээлде чындыкка дал келет?

- Алгач маалымат чын деп айта аламын. Кыргызстан жана Россиянын учурда кызматташтыгынын 25 жылдык мааракесинин алкагында дагы чечилди деп айта алам. Орусия тарап менен жолугушууда кыргызстандык мигрант мекендештерди көйгөйгө салып келген бир топ маселелер каралды. Анын ичинде учурдун маселеси айдоочулук күбөлүктүн алмаштырылуусу болду. Бул суроодо акыркы бир айда баш аламандык болуп кеткен. Кудайга шүгүр оң жагынан чыгып маселе чечилди. Бул абдан жакшы, кубантаарлык кабар. Эми биздин жарандар өз ишин коркпостон уланта беришсе болот. Биздин мамлекет Бажы биримдигинде болгондугу дагы чоң салым болду. Мамлекет башчысы өзү ушул маселеге көңүл бөлүп жеринен чечип бергенине ыраазычылык билдиргим келет. Эскерте кетсек мындан бир ай мурун орусиядагы коомдук транспорттордо жана жеке такси айдап оокат кылган мигранттардын айдоочулук күбөлүгүн орусиялык стандартка жооп бере турган күбөлүккө алмаштыруу боюнча мыйзам чыгаары маалымдалган. Ал маалымат тараганы кыргыз мигранттары арасында башаламандык болуп, көбү ишсиз калган. Учурда албетте бул меселенин оң жагына чечилгени жалпы кыргыз журтчулугун кубандырбай койбосо керек.

Назира Бегим, NazarNews.kg

Последние новости