www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына "бейтаптарды дарылоо үчүн дары-дармектерин өз мойнума алдым" деген пикирин коомчулукка жарыялады.

"Элибиздин башына оор күндөр түшкөндө биздин чет жердеги мекендештерибиз өздөрү кыйналып жатканына карабай уюшуп, жалпы дарыгерлер өз ара чогулуп, үй-бүлөсүн, жумушун таштап, Кыргызстанга бекер жардам берүү үчүн өз ыктыяры менен келе жатышат.

Бул иш-чараны уюштургандардан Неговский атындагы жалпы реаниматология институтунун анестезиолог-реаниматологу Өмүралиева Эльвирага, мекендештерибиз Нургуль Камбаралиевага, Нурлис Токоевге жана Кыргызстанда салым кошкон Индира Ганди Безеловага, Айжан Чыныбаева, Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Джекшенкулов, Өкмөт башчысы Кубатбек Бороновго, уюштуруу иштерин тездетүүгө салым кошкон Саламаттыкты сактоо министрлигине, ошондой эле жакшы күндөрдө да, оор күндөрдө да элибизди колдоп келген диаспора өкүлдөрүнө, мигранттарыбызга терең таазим!

Мен анестезиолог-реаниматолог Эльвира Турсункалиевна жана элчи Аликбек Жекшенкулович менен кеңешип, бейтаптарды дарылоо үчүн дары-дармектерин, учак билетинин жана 1 ай жашай турган мейманканасынын, тамак-ашынын чыгымдарын өз мойнума алдым.

Азыркы кырдаалда ар бирибиз элибиз үчүн колубуздан келген жардамыбызды аябоо - эң маанилүү. Жалпыңыздарга ден-соолук, аманчылык каалайм!", - деп жазган Алтынбек Сулайманов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости