www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Бир бол" партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов жалпы кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады. 

Урматтуу мекендештер!

Сиздерди ыйык Курман айт майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм! Бул күнү Жаратканга тобо кылып, тирүүлүктү барктап, маркумдарды эскеребиз. Кыйынчылыкта элибиз бир болуп, дүйнөнү каптап жаткан апааттан аман-эсен чыгып кетели.
 
Жараткан элибиздин ден соолугун бекемдеп, бардык ой-тилектер орундалып, асыл максаттар ишке ашсын. Курман айт ар бир үйгө жакшылык, береке, кубаныч алып келсин! Айтыңыздар маарек болсун!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости