www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында Алтынбек Сулайманов өкмөт өзгөчө абалдын мөөнөтүн узартуунун себебин айтсын деген сунушун киргизди.

Ал өкмөт мүчөлөрү 25-марттан берки иштери боюнча маалымат бериш керек деп эсептеди. Анын пикирин “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Садык Шернияз колдоду. Ал эми “Өнүгүү – Прогресс” фракциясынын депутаты Исхак Масалиев өкмөттөн маалыматтарды кагаз жүзүндө берип, жарлыкты кийинки отурумда кароону сунуш кылды.

Парламент депутаттары азырынча бул маселе боюнча бир пикирге келе элек.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында 25-марттан бери оору көп катталган Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда өзгөчө абал жарыяланган.

Кечээ, 14-апрелде Коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абалды аталган аймактарда 30-апрелге чейин узартуу, андан тышкары Нарын шаарына жана Ат-Башы районуна да өзгөчө абал киргизүү, бул аймактарда комендатура түзүү тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков жарлык чыгарган. Жарлык Жогорку Кеңешке бекитүү үчүн жиберилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости