www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 12-майда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш комитетинин жыйыны болуп жатат. Анда өкмөттүн отчету угулуп, суроолорго жооп беришүүдө.

“Мухаммедкалый Дүйшекеевич, Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери премьер-министрлик кызматта эң узак убакыт отургандар: Апас Жумагулов, Николай Тынаев жана сиз. 2010-жылдан бери премьер-министрликте бардыгы бир жылга жетпей кетишти”, – деди Алтынбек Сулайманов.

“Президент сизди колдогондой, эч кимди колдогон эмес. Президенттин сизге болгон колдоосу эбегейсиз зор. Парламент колдоп жатат, эл чыдап берип жатат. Бирок, сиз аны актай албай жатасыз,” – деди депутат.

Сулайманов ошондой эле буга чейин коалициянын лидерлери премьер-министрлерди өкмөткө кимдир бирөөнү дайындоого мажбурлаганын айтып өттү.

“Ар бир коалиция түзгөндө фракциялар талашып, өкмөттү “устукан бөлгөндөй” бөлгөн күндөр болгон. Сизге андай тоскоолдук болгон жок да. Же фракциянын лидерлеринин бирөөсү “бул адамды кызматка койбосоң бюджетиңди кабыл албайм, отчётуңду колбодойм” деп айттыбы? Менин оюмча айткан жок. Тескерисинче, буга чейин иштеп келген балдардын бардыгын кызматтан алдыңыз. “Бир Бол” фракциясынан бир гана ӨКМдин башчысы калды, бешөөнү жумуштан алдыңыз. Макул, алардын ордуна бирөөнү коюп бер деп эч ким айткан жок. Иштей албаса, алмаштырыңыз. Бирок жумушту жылдырыңыз, ал үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр берилип жатат. Президент, парламент колдоп, эл чыдап колдоп жатса, дагы эмне кылышыбыз керек?” – деди Алтынбек Сулайманов.

Депутат ошондой эле, премьер-министр өзү дагы жумуш жасабай, башка министрлерге дагы мүмкүнчүлүк бербей жатканын билдирди.

“Министрлердин бардыгынын буту-колу байлануу. Министрлер эрте менен чогулушка келишет, түштөн кийин кайрадан бирден кабыл аласыз. Бир дагы маселеси чечилбейт. Сиздин кабинетиңизге айлап кире албайт. Силер күнү-түнү, тынбай иштешиңер керек эле да. Ага эмне толкоолдук болуп жатат?” – деп премьер-министрге суроо узатты.

“Айлап кире албаган министр жок. Бир жумада бир жолу сөзсүз кирет. Бул сөз узак сөз. Ошон үчүн 2020-жылы оорудан арылып, аман-эсен чыгуу максат болуп калды. Менин оюм боюнча, 2019-жылдагы 4,5% өсүү биздин команданын иш-аракетинин натыйжасы. Элге жага турган нерселерди айтуу оңой. Бирок айткан сөзүмдүн натыйжасы кандай болорун ойлоп жатам. Айтып коюп, уят болбоймунбу деп ойлойм. Азыркы иштеп жаткан система менен эле экономиканы көтөрсөк болот”, – деп жооп берип, президенттин колдоосун баалай турганын билдирди.

Булак: NazarNews.org

Последние новости