www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Азыр баарыбыз биригип, келип чыккан маселелерди чогуу чечишибиз керектигин түшүнүп турабыз», — деп белгиледи Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун өлкөнүн бизнес-ассоциацияларынын өкүлдөрү менен болгон жолугушуусу тууралуу айтып жатып. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Ал жолугушуу конструктивдүү маанайда өткөндүгүн белгиледи.

«Мындай жолугушуулар абдан маанилүү, анткени бизнеске жана жалпы эле коомчулукка үмүт берип, мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан чараларга карата ишенимди жогорулатат. Эгерде мындай жолугушуулар өткөрүлсө албетте, ишенимди жаратат, анткени бизнеске өз сунуштарын айтууга жана жооп алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт», — деп айтты Аскар Сыдыков.

Ал ошондой эле экономиканы калыбына келтирүү гана эмес, андан ары өнүктүрүү  мүмкүнчүлүктөрү да каралганын белгиледи.

«Учурдагы кырдаал жөнгө салынгандан кийин, биз ыңгайлуу шарттарды түзүп, ашыкча административдик тоскоолдуктарды алып салууга, бизнес үчүн бардык шарттарды түзүүгө даяр болушубуз керек. Биз Өкмөткө потенциалдуу инвесторлор жана ошондой эле өлкөдөгү иштеп жаткан ири инвесторлор менен максаттуу иштерди жүргүзүүнү сунуштадык. Карантин мезгилинде чече турган көптөгөн маселелер чыгат. Эгерде мындай маселелер өз убагында чечилип турса, ири ишканалар ишин улантып, салыктарды төлөп турат», — деп кошумчалады Аскар Сыдыков.

Ал белгилегендей, жолугушууда Эл аралык ишкерлер кеңеши, бизнес-ассоциация катары кризистик кырдаалдан чыгууга көмөк көрсөтүүгө, бизнес-коомчулукка абалды түшүндүрүүгө жана өлкө Өкмөтү менен конструктивдүү иштөөгө даяр экендиги билдирилди. 

Эске салсак, бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү Мамлекет башчысы менен кечээ, 11-майда жолугуп, азыркы түзүлгөн кырдаалда ишкерлер туш болуп жаткан көйгөйлөр жөнүндө айтып беришкен. Ошондой эле өлкөдөгү экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүү боюнча конкреттүү сунуштарын айтышкан.

Президент Сооронбай Жээнбеков Өкмөткө кыска жана узак мөөнөттүү антикризистик программаларды иштеп чыгуу процессине бизнес коомчулугун активдүү тартууну сунуш кылды.

Булак: NazareNews.org

Последние новости