www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз жеринде мал чарбасын өнүктүрүү үчүн сырттан алынып жаткан 25 миллион долларга байланыштуу маселе Парламенттин 7-марттагы жыйынында каралууда. Документтин толук аталышы - Кыргыз өлкөсү менен Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун ортосундагы “Рынокторго чыгууну камсыздоо” долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу”.

Аталган фонддон Кыргызстан 25 миллион доллар алууда. Мунун 50 пайызы кредит, 50 пайызы гранттык каражат болуп саналат. Бул акчага өлкөдө мал чарбасын өнүктүрүү багытында 40 долбоорду ишке ашыруу каралган. Жогорку Кеңеште 25 миллион доллардын 7 миллион доллары консультациялык кызмат көрсөтүүгө жумшалат деп айтылды. Ошондо 7 миллион доллар конкреттүү эмнелерге жумшаларын сурашты. Бир долбоорду даярдоодо 200 миӊ долларга жакын акчаны консультацияга жумшоо өтө көп деп сындашты. Айыл чарба министри Нурбек Мурашев баштаган демилгечилер суроого жооп бере алышкан жок. Депутат Алтынбек Сулайманов 25 миллион доллардын 17 миллион доллары элге жетип, калган 30 пайызы ортодо жоголуп кеткени жатканын айтып чыкты.

Мындан кийин депутаттар 7 миллион доллардын кайда жумшаларын тактамайынча, долбоорду колдобой тургандыгын билдиришти.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости