www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутат Алтынбек Сулайманов, парламенттик системаны гана колдоорун айтып, кайсы гана бийлик келбесин реформа менен референдумду аламаштырып аларын ЖМКлардын бирине билдирген.
Маалыматка ылайык Сулайманов конституциянын туруктуу авторлору чыгып аны алмаштыруу максаттары тууралуу коомдук талкууга коюп түшүндүрүп берүүсү керектигин жана азыркы тапта авторлору ким экенин белгисиз ызы- чуу болуп жаткандыгын кошумчалады.
“Мен Баш мыйзамдын жаңы долбооруна таптакыр кол коюп берген эмесмин. Анткени, парламенттик гана системаны колдойм. Ушул гана система менен өнүгө алабыз. Ал эми конституцияны алмаштыраарда дайыма аны туруктуу авторлору болуп, элге чыгып кандай макаттары бар экенин коомдук талкууда тушүндурүп берүүсу керек. Азыр болсо авторлору ким экени белгисиз ызы-чуу. Бизде кайсыл гана бийлик келбесин, реформа менен референдумду дайыма алмаштырып алышат. Референдум өткөрүп, баш мыйзамды алмаштырсак эле жашоосу оңолуп кетчүдөй сезишет. Бизде азыр референдум өткөрө турган убакпы? Казына аңтарылып, экономикабыз жарды, кризис босогодо турат. Башка нерсе менен алек болуунун ордуна тескери кетишти“, -деди Сулайманов.
Булак: NazarNews.kg