www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 16-майда Жогорку Кеӊештин жыйынында Бишкек шаарынын Жылуулук-электр борборунда болгон авариянын себептерин жана Бишкек ЖЭБди реконструкциялоо үчүн алынган 386 млн доллар өлчөмүндөгү насыя каражатынын натыйжалуу пайдаланышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын иликтөө жыйынтыгы тууралуу маалымат угулуп жатат.

Жыйынга өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, дагы башка чакырылган тараптар катышууда.

Жыйындын жүрүшүндө мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин сөздөрү депутаттарды кыжырдантты. Ага чыдабай ЖК депутаты Алтынбек Сулайманов, Жантөрө Сатыбалдиевди сөз менен келиштире “сүздү”.

--Жантөрө Сатыбалдиевдин сөзүнө жооп бериш үчүн трибунага чыкканга туура келип жатат. Жантөрө Сатыбалдиев, “ТЭЦди жаңы курганда арзан болот эле, ремонт кылса кымбат болот эле” деп айтып жатат. Бул өтө акылдуу киши да. Бул жактагылар базардан келген. Жалганды айткандын өзү орду болот», - деп эл өкүлү Сулайманов, Жантөрө Сатыбалдиевге көзүн алайтты.

Белгилей кетсек, ушул таптарда Жогорку Кеңеште Бишкек Жылуулук электр борборундагы аварияга жумшалган Кытайдан алынган 386 миллион долларды иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулап жатат.

Эске сала кетсек, Кытайдын "Эксимбанкынан" 386 миллион доллар насыя алууну парламент 2013-жылы 11-сентябрда колдоп, бекитип берген. Жыйынтыгында 26-январда ТЭЦ аварияга учурап, “уурулар” колго түшүп, учурда аларга кылмыш иши козголгон.

 Булак: NazarNews.kg

Последние новости