www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балыкчы – Корумду автожолунун курулушуна бюджеттен дагы кошумча 500 млн сом өлкөмүндө акча бөлүнөт. Буга чейин эки транш менен 412 млн сом (212 млн сом жана 200 млн сом) берилген. Бул тууралуу каржы министри Адылбек Касымалиев Жогорку Кеӊеште билдирди.

Ысык-Көл аймагынын тургундарынан жол маселеси, жолдун курулушун үзгүлтүккө учуратпоо боюнча көптөгөн кайрылуулар түшүп жатканын депутат Алтынбек Жунус уулу айтып чыкты. Ал туристтик мезгил башталып калганын, Балыкчы – Корумду жолунун азыркы абалы ыӊгайсыздык жаратып жатканын баса белгиледи. “Жол таманы, көпүрө орду казылып калгандыктан, анда жашаган адамдарга да кыйынчылык келтирүүдө. Айыл ичиндеги жолдорду тезинен калыбына келтирүү зарыл”, - деп кошумчалады депутат.

Андан тышкары, 2017-жылдын 31-мартына карата мамлекеттик карыздын көлөмү 4 млрд 160 млн долларга жеткени белгилүү болду. Анын ичинде 3 млрд 803 млн доллар тышкы карыз, ал эми 356 млн доллар ички карыз болуп саналат.

Булак: «NazarNews.kg»

Последние новости