www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Альянс Алтын» компаниясы, «Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду жана Россия-Кыргызстан өнүктүрүү фонду үч тараптуу макулдашууга кол койду.

Документте Талас облусунун экономикасын өнүктүрүүгө жана тургундарынын жашоо деңгээлин жакшыртууга багытталган долбоорлорду бирге ишке ашыруу каралган. Кызматташуу бир нече тармак боюнча, анын ичинде энергетика жана айыл чарба багыттарында жүргүзүлөт.

“Келишимдин башкы максаты – Талас облусундагы ири долбоорлорду ишке ашыруу. Эки фонддун аркасы менен жаңы иш орундары түзүлүп, облустун социалдык-экономикалык өнүгүшүнө кошкон салымыбызды дагы да арттыра алабыз деп ишеним”, - дейт «Альянс Алтын» өнүктүрүү фондунун башкы директору Батырбек Качкымбаев.

“РКӨФ «Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду менен бирге Талас облусундагы долбоорлорду тандап алып, экспертиза жүргүзүп, аларды ишке ашырууга катышат. Биздин өнөктөштөрүбүз менен бирге көргөн аракетибиз аймактагы ишкерчиликти өнүктүрүүгө оң таасирин тийгизет деп үмүт кылабыз”, - деди РКӨФ Башкармалыгынын Төрагасы Артем Новиков.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости