www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Жоламан Шаршенбеков, дүйнө чемпионатынын күмүш медаль ээси Айпери Медет кызы, Азия биринчилигинин байге ээлери Исламбек Орозбеков, Раззак Бейшекеев Жерүй алтын кенинин иши, баалуу металлды өндүрүү процесси менен таанышты. Бул тууралуу Альянс Алтын” компаниясынан маалымдашты.

Анда дүйнөнүн 2 жолку чемпиону Жоламан Шаршенбеков Жерүйдө кызматкерлер үчүн жакшы шарттар түзүлгөнүн белгиледи.

Шаршенбеков “Альянс Алтын” компаниясынын спортчуларга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирди.

“Жерүй алтын кенинде алтын чыга берсин, биз спортчулар чемпионаттарда алтын ута берели”, – деди Шаршенбеков.

Ошондой эле балбандар Талас облусунда өткөн өспүрүмдөр арасындагы мелдешке конок катары катышып, жаш спортчулар менен жолугушту.

Өспүрүмдөр арасындагы күрөш боюнча облустук мелдеш “Альянс Алтын” компаниясынын колдоосу менен уюштурулду. Мелдештин жалпы байге фондуна компания тарабынан 400 миң сом бөлүнгөн.

Мелдешти өткөрүүнүн негизги максаты Талас облусундагы жаштарды сергек жашоого үгүттөө, дене тарбия жана спорт менен машыгууга чакыруу.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости