www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Социалдык тармактарда Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кызматтан кетиши мүмкүн деген маалыматтар айтылды.
Ал эми бул боюнча Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өзү отставкага кетпей турганын билдирди.
“Мен кызматтан кеткен жокмун, азыр чогулуш өткөрүп жатам. Мен отставкага кетпейм, кабинетимден чай ичкени чыгып келдим, кабинетимден чыксам эле “кызматтан кетти” деп кеп кыла беришеби?”, – деп жооп берген Бейшеналиев.
Эске салсак, Бишкектеги Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борборун шаардык клиникалык Тез жардам ооруканасы кылып кайра түзүү иш-аракеттеринен кийин Бейшеналиев коомчулуктун көңүл чордонунда болуп, аны кызматтан кетти деген да кептер тарап кетти.
Министр менен белгилүү академик Сабырбек Жумабековдун ортосундагы ызы-чуу менен коштолгон окуядан кийин министрдин кызматтан кеткени тууралуу социалдык тармактарда да жазып чыгышты.
Булак: NazarNews.kg