www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 8-февралда президент Садыр Жапаров Ош базарында соодагерлер менен жолукту.
Өлкө башчы соода кылып жаткан жарандар менен баарлашууда. Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаевдин айтымында, Жапаров сатуучуларга кассалык аппарат боюнча түшүндүрүү иштерин өзү жүргүзүп жатат.
Өлкө башчыны тегеректеген адамдар кассалык аппараттан тышкары базардагы орундардын кымбаттыгы, жайма базар сыяктуу бир катар көйгөйлөрүн дагы айтып жатышат.
Эске салсак, Кыргызстанда 2022-жылдан тартып жаңы Салык кодекси ишке кирди. Ага ылайык, «Дордой» сыяктуу ири жана кичи базарларда контролдук кассалык машина (ККМ) менен соода кылуу милдеттендирилет. Министрлер кабинети көмүскө экономиканы ачыкка чыгарып, бюджетке түшкөн салык, бажы төлөмдөрүн көбөйтүү максатын коюп жатат.
Буга соодагерлер каршы болуп бир нече ирет митингге чыгышкан.
Булак: NazarNews.kg