www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кайсы жерлер трансформацияланат?

Өткөн жылы президент Садыр Жапаров "Жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койгон.

Президент былтыр 25-декабрда жаңы конуштардын тургундары менен жолугуп жатып 2022-жылдын 1-апрелине чейин Кыргызстан боюнча 25 миң гектар жер трансформацияланып, ал жакта жашап жаткандардын үйлөрү мыйзамдаштырыларын айткан.

Мамлекеттик Кадастр мекемесинин жетекчиси Эрнест Сулайманбеков учурда тактоо иштери жүрүп жаткандыгын, 2009-жылга чейин гана берилген жерлер трансформациядан өтөрүн айтат.

“Азыр райондук, облустук комиссиялар мыйзамсыз салынган канча үй бар деп да тактоо ишин жүргүзүп жатат. Эч кимисине кызыл китеп бериле элек. Мыйзам чыккандан кийин 2009-жылга чейин берилген, үй-жай салынган жерлер трансформацияланат. Азыр сатылып жаткан айдоо жерлери трансформация болбойт”.

Бир ай мурун президенттин Чүй облусундагы өкүлү Эркин Тентишев Чүй облусунун аймактарында жер басып алган, айдоо талааларына үй салып жаткан учурлар болуп жатканын айтып, мындай учурларга катуу чара көрүлөт деп кайрылуу жасаган.

Ал мыйзамсыз жер басып алууларды токтотконун, айдоо талааларын турак жай үчүн саткан учурларга чара көрүлүп жатканын билдирип: “Чүй – эң негизги агрардык облус. Айыл чарба азыктарын өндүрчү жерибизди талкалап жатабыз. Президент «болору болду, буга чейин басып-сатып алгандарды трансформация кылып бүтүрөлү, мындан ары бир метр дагы жер берилбейт» деп тапшырма берген. Азыр айдоо жерлери турак жайга сатылып жаткан учурлар болсо чара көрөбүз. Мыйзамсыз сатып жаткандар дагы, мыйзамсыз үй салып жаткандар дагы жоопко тартыларын эскертким келет. Мыйзам катуу иштеп баштады", - деди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости