www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сауд Арабия умра зыяратчыларынын ден-соолугун коргоо үчүн кирүү процедураларынын жаңыртылганын жарыялады. Сауд Арабиянын Ажылык жана умра министрлиги жазуу түрүндө билдирүү жасады. Билдирүүдө, өлкөгө умра же зыярат максатында келгендердин иммундук абалына карабастан акыркы 48 саат ичинде бекитилген ПЦР же антиген тестинен өтүшү керек экени айтылды.

Бул процедураларды ишке ашыруунун 2022-жылдын 9-февралынан тарта башталары белгиленди.

Сауд Арабия буга чейинки билдирүүсүндө, 2021-жылдын 10-октябрынан баштап коронавирус (Ковид-19) вакцинасынын 2 дозасын алгандарга гана умра жана ибадат кылууга уруксат берилерин жарыялаган болчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости