www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сабырбек Жумабеков экөөбүздүн ортобузда пикир келишпестик жок. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев журналисттерге маалымат жыйынын өткөрүп жатып айтты.
"Кечээ Жумабеков менин саат сегизде ал иштеген ооруканага барып, мас болуп алып сүйлөгөнүмдү айтты. Мен эгер мас болуп барганымды далилдей алсаңар, отставкага кетем дедим, бирок эч ким далилин айткан жок. Андыктан мен министр бойдон калдым", — деди министр.
Ошондой эле ал ичимдик ичпей турганын билдирди.
"Мен ичпейм. Айрым учурда гана корпоративде жамаатка колдоо болсун деп жардамчыма стаканга суу куйдуруп алам. Ошентип ичимиш болуп отура берем", — деди ал.
Эске салсак, буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борбору Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлөрүн кабарлаган. Бейшеналиев медициналык борбордо болуп, ак халатчандар менен жолугуп сүйлөшкөн. Андан сырткары, министрлик аны өзгөртүү боюнча тиешелүү процедураларды жасап жатканы айткан.
Көп өтпөй аталган борбордун жетекчиси, профессор Сабырбек Жумабеков мындай өзгөртүүнүн зыяндан башка пайдасы жок экенин билдирген. Дарыгер "бул жай оорукана гана эмес, илимий борбор болгондуктан чет өлкөлүк өнөктөштөр ошол даражасына карап бизди тааныйт, сыйлайт жана эсептешет" деген пикирин айткан.
Булак: NazarNews.kg