www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Текебаевдин Германияга элчи болуп кетиши менен отуз жылдык эски доордун иши бүттү. Жапаров -Текебаев кайым айтышы 2020-жылдын октябрынан башталган. Көпчүлүк бийликке баш оору болуп келген Текебаев “музоо кезинде сүзүп койойун” деп Жапаровго асылган. Ал кездеги өкмөт башчысы Жапаров “Текебаев Маевскийден 1 млн. доллар пара алган” деп, аны Көтани сыяктуу бир топ кошоматчылар далилдеп беребиз деп колдоп чыгышкан. Ошол замат “Азаттык” үналгысына курган маегинде Садыр Жапаровдун “Текебаев Маевскийден 1 млн. доллар пара алган” деген сөзүнө жооп берген. Журналисттин суроосуна сунуш менен кайрылган Текебаев аны Жапаровго берүү керек экенин ишарат кылган: “Садыр Жапаров сотто далилдеймин деп сотко түздөн-түз көрсөтмө берип жатат. Сиз ошол суроону Жапаровго берип көрбөйсүзбү. Эгер Текебаев Маевскийден 1 млн. доллар алган болсо, Кыргызстандын байлыгын чет элдикке бекер кармата коем деп жүрсө, анда эмне үчүн түн катып үйүнө барып, аны менен сүйлөшүп жатасың, эмне үчүн эл алдында 5-6 жолу жолугуп сүйлөшүп жатасың деген суроону ага берсеңиз болот”, - дейт Текебаев.
Текебаев 2020-жылы да шайлоо алдындагы шалтаң жүрүштөрүн баштаган. 2020-жылдагы парламенттик шайлоо алдында эл алды Текебаев чыга калып Темир Сариев, Жанар Акаев, Рыскелди Момбеков, Элвира Сурабалдиеваларды чогулта коюп мөңкүй баштаган. 2021-жылы да урматтуу Чиркешович Германияга элчи болуп кетет деген ушактарга чекит коюп, шайлоонун шайтан жүрүштөрүн баштаган. Анын эң алгачкы искеп, эңсеп келген Курсан Асанов 2020-жылы парламенттик шайлоого акча чачып, ЖКга өткөн, шайлоону жаратпай койгон соң «элдикмин» деп жар салган «Бүтүн Кыргызстан» менен чыгып, бийлик алмашар менен Ички Иштер министрлигин басып алып, тез эле ал жерден куулуп чыккан. Курсан Асанов Текебаевге добуш алып берген эмес, арийне Текебаевдин кайырмагына түшкөн. Бирок Текебаев компромисске келип эми өзү Германияга элчи болуп кетсе, Курсан Асанов үй камагына бошотулду. 2021-жылы шайлоодон соң таламандын тал түшүндө Текебаевге чүйлүк жигит кол салып телефонун тартып кеткени бар. Андан да оозун канжалата койгонун карасаң. Деги жүрөгү тоо жигит экен, же Текебаевди «темселетип» атак алайын дегениби? Бул ирет парламенттик шайлоодон өтпөй калып Текебаев Али Токтакунов менен катуу кыжырланып жатышса, анын телефонун тартып алганы эмнеси?
Отуз жылдан бери ойкуп-кайкып жүрүп, элди карызга батырып, бийликтегилерди жугундукорго айланткан Өмүрбек Текебаев тетири сүйлөгөн саясатчылар менен кайрадан тандем издей баштаган. Курсан Асанов «Ата-Мекен» менен шайлоого аттанмак. 2020-жылы парламенттик шайлоодо Адахан Мадуров менен «Бүтүн Кыргызстан» менен шайлоого аттанган Курсан Асанов «хамалеондук» жүрүшүн Текебаевдин «Ата-Мекен» партиясына бурган. «Ата-Мекен» партиясы менен шайлоодогу майда-барат нерселерди бүтүрүү үчүн Текебаев менен кенен жолугуп баарлашканы бар.
Ач көз мародерчуларды Кытайда «ушлап» туруп чекеге атып салат, биздин мародерчулар тез эле байларга айланышат. 2010-жылы бийлик алмашканда «Ата-Мекен» партиясы ишенген депутаттар мародерчулук кылышканы белгилүү.Мародерчу «Ата-Мекен» партиясынын лидерлери чилдей тарап, алар менен эптеп оокат кылгандар Акаев, Сурабалдиева, Момбеков, Токтогазиевдер эптеп күн көрүп калышкан.
Текебаев тууралуу бир ооз айта кетели.1990-жылы СССР гүлдөп пахтага мектеп окуучуларын мажбурлап чыгарып жатканда, Базар-Коргондук физик мугалим Текебаев кайра куруу шарапатына таянып бийликке каршы чыгат. Ошонун айынан эл колдоосуна ээ болуп Кыргыз ССР Жогорку Советинин 12 чакырылышына депутат болуп келет. Бул парламент кийин легендарлуу парламент деген наам алган. Легендарлуу парламентте 350 депутат болгон. Легендарлуу парламент атка конгон эгемендүүлүктүн шарданы менен, ооздогу «скочту» сыйырып, ойго келгенди оттогон биринчи парламент ушул болду. Ал мезгилде ар бир чоң колхоздон бирден депутат шайлана турган. Ар бир райондон он-жыйырма депутат. Бары тең эле дудук болгондой унчугушпай колун көтөрүп берип коюшуп кете беришчү. 1989-жылы Москвада кызык башталды. СССР Жогорку Советинин депутаттары СССРдин Президенти Горбачевду коколой баштады. Борбордук Азиядан барган депутаттар койдон жоош болуп отуруп беришти. Ошол мезгилде бизде президент шайланып, андан соң заман өзгөрүлүп, Кыргызстандын көктөн тилегени жерден табылып эгемендүүлүк алаар менен, биздин депутаттарга да тил бүтө баштады. «Сыныктан башкасы жугуштуу»-дегендей, Москваны туурап, биздин парламент Москванын «ксерокопиясына» айланды да, кыргыз Сахаров, Собчактар пайда боло баштады. Легендарлуу парламент Кыргыз мамлекетинин Башмыйзамын, гимнин, туусун,гербин, улуттук валютасын кабыл алып, алтындын чыры менен тамам болду.
1999 жылы Үзөңгү-Кууш боюнча келишимге Акаев кол койгон. Цзян Цзэминге махабатын арнаган президент Аскар Акаев бийлик жүргүзүп жатканда 1996-жылы 4-июлунда Кытай-Кыргыз келишиминин негизинде Жаңы-Жер, Боз-Айгыр-Кожент, Хан-Теңир мөңгүсүнөн, Эңилчектен 35 миң 87 гектар, ага кошумча 1999-жылдын 26-августунда Үзөңгү-Кууштан бардыгы 87 миң 200 гектар жер кеткен. Акаев сыяктуулар 1934 төн ашуун Ватикан сыяктуу мамлекеттер бата турган Үзөңгү-Куушта 877,12 кв/км жер, 87 миң 712 гектар жерди берип жиберишкен. Соолуктап ыйлап 877,12 кв.км жер сыртка кеткен. Дүйнөдө б5 мамлекеттин ичинде бул жерлер 15 орунду ээлеп, биздин башка мамлекетке кеткен аянттарыбыз 50 мамлекеттин аятынан чоң экен. Бул жерге 1934төн ашуун Ватикан мамлекети, 438тен ашуун Монако мамлекети, 125тен көп Гибралтар мамлекети, 87ден ашуун Токелау мамлекети батып кетмек. Дүйнөдө 50 мамлекеттен жогору эсептелген Доминика менен Кирибати бул аянтка ойноп сыймак. Акчанын кудайы эсептелген 5 Лихтейнштейн батат эле, чындыгы Люксембург биз берген аянттан чоңдук кылат экен, анын аянты 2598 кв.км биз берген жер 877. 12 кв. км болсо калганын эл эсептеп алар.
Кытайга Үзөңгү-Кууш кетерде Жапаров «ляппай» деп колдоп, Текебаев кворум түзүп берген.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg