www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын Украина-Орусия кризисинин соңуна чыгышы үчүн өз милдетин аткарууга даяр экенин белгилеген президент Эрдоган: "Биз Украинанын жана анын ичинде Крымдын эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн колдоону улантуудабыз!", - деди.

Президент Эрдоган Украинанын президенти Владимир Зеленский менен өткөргөн биргелешкен маалымат жыйынында стратегиялык өнөктөш болгон Украина менен эки жылдык тыныгуудан кийин кайрадан кызматташып жаткандыгына абдан кубанычтуу экенин билдирди.

Буга кошумчалай: "Туркия тынчтыкты каалаган өлкө катары эки коңшу өлкөнүн Кара деңиздеги кризисин токтотуу үчүн өз милдетин толук аткарууга даяр. Мындан сырткары биз эки тараптуу кызматташуубузду ар бир тармакта бекемдейбиз!", - деп айтты.

Өлкөдө "BAYKAR Makina" учкучсуз учактарынын өндүрүшүн кеңейтээрин айткан Украинанын президенти Зеленский: "Президент Эрдоганга согушту токтотуу жолунда, Украина менен Орусиянын ортосунда арачы болуу демилгеси үчүн ыраазычылык билдиргим келет!", - деп кошумчалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости