www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бириккен Улуттар Уюму "өнүккөн инфраструктура" жана "жашоо сапаты" көрсөткүчтөрү боюнча Москваны дүйнөдөгү мыкты мегаполис деп тааныды. Бул тууралуу РИА Новости "Гүлдөгөн шаарлардын индекси" уюмунун болжолдуу рейтингине таянып кабарлады.

Рейтингдин толук версиясы 31-мартта жарыяланары айтылды. Билдирмеге караганда, Россиянын борбору "өнүккөн инфраструктура" көрсөткүчү боюнча 83,2 балл алып, Лондон (75,9) менен Парижден (76,3) озуп кеткен. Мындан сырткары, Москва шаары "жашоо сапаты" көрсөткүчү боюнча да жогору (68,3) балл топтогон. Бул учурда Улуу Британиянын борбору 61,59, Францияныкы 57,16 балл алганын көрүүгө болот.

Жалпы жонунан глобалдуу рейтингде Москва 29 мегаполистин ичинен үчүнчү катарда. Биринчиде Сингапур турса, экинчи орунду Канаданын Торонто шаары ээлегени айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости