www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мен президент менен жакшы мамиледемин. Андай мамиледе болбосок, анда мен эбак эле кызматтан алынмакмын. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, ага рейтингдин кереги жок жана ал эч качан рейтингди карабайт, ал жумушун аткарат.

«Менин рейтингим нөл болсун, бирок мен өз ишимди жасайм. Жыйынтыгын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен министрлер кабинети берет, оң чечим чыгат деп ишенем.

Бирок, айта кетейин мен кетпейм, ордумда калам. Эгер калбасам, хирург болом», - деди министр.

Эске салсак, буга чейин министрлер кабинети ушул аптада саламаттыкты сактоо министринин жоопкерчилигин карай турганы маалымдалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости