www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата Башкы прокуратура жалпы жети кылмыш ишин козгогонун билдирди.

"Бир кылмыш иши "Коррупция" беренеси боюнча, эки кылмыш иши "Опузалап пара алуу" беренеси, төрт кылмыш иши "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана билип туруп пайдасыз келишим түзүү", — деп жазылган маалыматта.

Учурда прокуратуранын тергөө башкармалыгы тарабынан тергөө аракеттери жүргүзүлүп жатат.

Мындан сырткары, вакцина сатып алуудагы коррупция боюнча министрдин орун басары Улук-Бек Бектурганов, Республикалык эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысова, Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин бөлүм башчысы Султан Сатарбеков кармалганы маалымдалды.

Учурда кылмышка өкмөт мүчөлөрүнүн жана башка кызмат адамдарынын тиешеси бар-жогу иликтенип жатканы кошумчаланды.

Эске салсак, Бейшеналиев кечээ, 2-июнда бюджеттик каражатты мыйзамсыз түрдө адалдоо ыкмасын уюштурду деп кармалган. Кеп вакцинаны негизсиз сатып алуу тууралуу болуп жатат. Ага алгач Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси ("Коррупция") менен кылмыш иши козголгону айтылган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости