www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учкучсуз учактарды өндүргөн түркиялык Baykar компаниясы Украинага бир "Байрактар" дронун бекер берет. Бул тууралуу компания өзүнүн "Твиттердеги" баракчасына жазды.

Baykar мындай чечимди Литванын жарандары Украинанын Куралдуу күчтөрүнө "Байрактар" дронун сатып берүү үчүн үч күндүн ичинде 5 миллион евро каражат чогулткандан кийин кабыл алган.

"Литва эли марттык менен Украинага Bayraktar TB2 дронун сатып берүү үчүн каражат топтошту. Бул кабарды уккандан кийин Baykar литвалыктарга учкучсуз учакты бекер берип, чогулган каражатты Украинага гуманитардык жардам катары жумшоону өтүнөт", – деп жазылган компаниянын билдирүүсүндө.

Буга чейин Литванын жашоочулары Украинага түркиялык "Байрактар" дронун сатып берүү үчүн 5 миллион евро чогултушкан.

"Байрактар" – чалгын жана сокку уруу максатында колдонулуучу, орто бийиктикте, узак убакыт уча ала турган учкучсуз аппарат. Аларды Украина былтыртан бери сатып ала баштап, учурда Орусия менен согушта активдүү колдонууда.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости