www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министр Алымкадыр Бейшеналиев менен Сабырбек Жумабеков алым сабак айтышып, коомчулук астында кыйла «шоу» жасашты. Көпчүлүк экөөнө тең айран таң калууда. Бийликтин аброюна шек кетти. Эми бул жагы көп сөз...

Баса, Бейшеналиевдин суунун артынан «кола» ичкени, таластыктарды жерип сүйлөгөнү, айтор, жашыруун тартылган видеолор, компроматтар чыга баштады. Көп өтпөй баласынын Ысык-Көлдөгү коттеджи күйүп кетти. Баары «сырдуу белек» сыңарындай тартуулана баштаптырбы?

Кызыгы, министрге карата дал ушундай чабуулдарды Сабырбек Жумабековдун Бишкек УКМКдагы начальник баласы Салмоорбек Жумабеков уюштурган эмеспи? «Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт» дегендей, күч органдарындагы кызматкерлер ушул өңүттө жең ичинен катуу талкуу жүргүзүп жатканы кандай? Балким бул суроолордун түйүнү чечилип калаттыр...

Булак: Азия News гезити

Последние новости