www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл областынын Ысык-Көл районундагы Чолпон-Ата шаарындагы Алыкул Осмонов үй- музейин Бактыбек Асанбаев өз демилгеси жана каражаты менен негиздеген. - 2009-жылы ачылышын жасаганбыз ушу күнгө чейин эч-жактан айлык акы албай иштеп келем. Иштеп дегеним тегерегин тазалап бак-даракты сугарып дегендей. 2015-жылы акындын 100 жылдыгы белгиленди. Мамлекеттик комиссия акынга арнап аллея жасагыла,- деп 17(сотых) жер кесип берип, арча карагайларды тиктиришти ошондой эле улуу акындын айкели да коюлду. Тилекке каршы, аллея толук бүтпөй калды. Брусчаткалар отургучтар, жарык берүүчү фонарлар коюлбай калды. Шылтоо акча жок деген таризде жергиликтүү бийлик тооготкон жок. Аллея да толук уланбай тупик бойдон калды. Анткени, Саламаттык Сактоо министрлиги тийиштүү эски үйлөр жолтоо болуп турат. Ал үйлөр бузулсун деген да шаардын корутундусун уккан эч ким жок.Тегереги таштанды тамтыгы кеткен үйлөр, эч кимди ойлонтпойт. Айтып атып жаман көрүнүп бүттүм бийликтегилерге. Бир ай мурун областтык (СХОД) болду өкмөттөн кишилер келди дегенинен элдин алдынан дагы айттым. Тып-тынч төө көрдүңбү жок дегендей. Быйыл өнүгүү жылында ал жагыбызга көңүл бурулаар,- деп акын Алыкулдун эстелиги экөөбүз ойлонуп калабыз, - деп билдирди Алыкул Осмонов үй-музейинин директору Бактыбек Асанбаев.
Жазгүл Урмамбетова,
Булак: NazarNews.kg